http://www.azattykniqsficisrmyoqv3orh77t3qgj364y4tl6zrdjgjptzev2kyd.onion/a/salafizmdin-radikal-agymy-dindi-zhamyngan-toptor/31781461.html
УКМКнын басма сөз кызматынын өкүлү Күмүшбек Шабданов уюшкан топ жеке ишкерди уурдап, анын жакындарынан 4 миң доллар талап кылып, акчаны Талас облусунун аймагынан алып жатканда кармалганын ырастады. " 2022-жылдын 19-мартында салттуу эмес салафий диний агымынын өкүлдөрү атыккан, " Абдурахим " , " Мура " , " Хамза " жана " Алина " аттуу диний каймана ысымдагы, жихадчыл идеологияны карманган адамдар жана ошондой эле башка эки белгисиз адам, 1994-жылы туулган С.Э.М. аттуу ишкерден 4 миң АКШ...